14:51 3 Декабря 2019
Лейлек районуна 9 млн 500 миң сомдук китеп барды

«Илек-Илек жаштары» коомдук бирикмеси менен Лейлек районунун мамлектеттик администрациясы тарабынан «Бир аламдан бир китеп» долбоорунун алкагында чек арадагы Лейлек районуна китеп чогултуу акциясы жыйынтыкталды.

Жалпысынан эки ай аралыгында 35 000 китеп же 9 млн 500 мин сомдук китеп чогулуп, баары расмий түрдө 29-ноябрь күнү Исфана шаарында райондук борборлоштурулган китепканага өткөрүп берүү салтанаты болду. Лейлек районунун мамлектеттик администрациясынын башчысынын орун басары Ташполотова Марипат Жалиловна аып берип, атайын Бишкек шаарынан барган коноктор, «Кыргыз концепт» эл аралык компаниясынын негиздөөчүсү Эмиль Уметалиев, «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алгачкы уюштуруучусу Бакай Акылбеков катышуучулар үчүн тренинг өтүштү. Ал эми «Илек-Илек жаштары» коомдук бирикмесинин жетекчиси Джееналиев Элдияр жалпы ыктыярчылардын атынан сөз сүйлөп, аманатты расмий өз дарегине жеткирди.

Ошондой эле, сентябрь айында чек ара жаңжалынан Максат айылынын мектебине да ок атып, талкалап салган эле. Коноктор менен аталган айылдын мектебине китептерди өзүнчө жеткирип, жергиликтүү калк менен жолугушту. Сүлүктү шаары жана Катыран айылында да китептерди өткөрүп берүү аземи орун алды. Ал эми калган китептерди райондук борборлоштурулган китепканасынын карамагына өттү. Алар жалпы китептерди Лейлек районундагы 48 айылына тең бөлүп берет.

«Бир адамдан бир китеп» - Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында жаңы китепканалар ачылышына же китепкана базасын жаңы китептер менен толукталышына өбөлгө түзүп, окуу китептери менен камсыздоочу коомдук долбоор болуп саналат. Ал китептер болсо, жалпы жарандардан чогултулат, бардык каалоочу, келечекке кайдыгер карабаган инсандар салым кошо алат. Азыркы учурда аймактарда 90 китепкана ийгиликтүү ишке киргизилди.

Баса белгилей кетчу нерсе, эки ай аралыганда «Илек-Илек жаштары» коомдук бирикмеси 35 000 китеп чогултуу менен жалпы рекорддук көрсөткүч болду.

«Илек-Илек жаштары» коомдук бирикмеси Бишкек шаарында ушул жылдын башында негизделип, өлкөнүн ар кайсы аймагынан чогулган жаштар түрдүү багытта Кыргызстанга салым кошуу максатында жаштарга арналган долбоорлор менен өз алдынча иш алып барышат.

Китеп чогултууда салым кошкон ар бир инсанга уюштуруучулар терен ыраазычылыгын билдиришет.

Прикрепленные документы (1):

Бир адамдан бир киетп РЕКОРД П.Р.docx
13 KB
Стилистика и грамматика авторов сохранена.

Последние

26.06.2023
Летние лагеря по чтению и счету для более чем 20 000 учащихся начальной школы

26.06.2023
Международный день в поддержку жертв пыток: как Стамбульский протокол помогает защитить кыргызстанцев

21.06.2023
ФАО повышает готовность КР для борьбы с опасной болезнью домашнего скота

21.06.2023
«Мыкты бизнес айымдар» форум состоится в Оше

21.06.2023
24 июня состоится благотворительный гольф-турнир «Гольф во благо детей»!

17.06.2023
Сенсорная комната для реабилитации детей с детским церебральным параличом

16.06.2023
Передвижные приёмные милиции – кыргызская милиция с Вами и для Вас

16.06.2023
В Бишкеке обсудили решения и стратегии продвижения «зеленых» технологий для МСБ

15.06.2023
Пилотный проект по страхованию на основе погодных индексов

14.06.2023
Техническая поддержка питомникам плодовых и ягодных культур в Кыргызстане

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×