Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан 5-12-декабрга чейин (Адабият күнүнө чейин) «Китепкөй Кыргызстан» аталышындагы китеп окуу жумалыгы деп жарыяланды.
Ааламадшуу процесси бүгүнкү күндө дүйнөдө болуп жатат.
Бул жаңы технологиялардын келген заманы. Мындай учурда китепке болгон кызыгуу, китеп окууга болгон кызыгуу күндөн –күнгө төмөндөп баратат. Андыктан, бул жумалыктын алкагында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өлкөдө жашаган бардык жарандарга, жаштарга жана үй-бүлөөлөргө кайрылат: «Китепке болгон кызыгууну жана китепке болгон мамилени өзгөртөлү. Китеп окуу элдин жашоосун, дүйнө таанымын өзгөртөт».
Ушул жума аралыгында министрлик китеп темасына тиешелүү кызыктуу маалыматтар менен жалпы коомчулукту кабардар кылып турат.
Андыктан өлкөдөгү бардык жарандарыбызды бул жумалыкка активдүү катышуу үчүн чакырабыз.