17:27 22 Сентября 2020
Улутстаткомдо кыргыз тил күнүнө карата конференция өз ишин жыйынтыктады

Бүгүн, 2020-жылдын 22-сентябрында, 23-сентябрь – кыргыз тили Күнүнө карата Улутстаткомдо видеоконференция болуп өттү. Улутстаокмдун төрагасынын орун басары Азамат Оросбаев, борбордук аппараттын бөлүм жетекчилери жана аймактык мамлекеттик статистика башкармалыктардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты. Азамат Оросбаев кыргыз тили республиканын мамлекеттүүлүгүнүн жана эгемендүүлүгүнүн негизи экенин баса белгилеп, мамлекеттик тилди билүү жана өркүндөтүп өнүктүрүү – бул ар бирибиздин жана жалпы элибиздин милдети экенин билдирди.

Мындан тышкары, ал мамлекеттик тилди өркүндөтүү боюнча Улутстаткомдо жүрүп жаткан иштерге токтолду.

“2018-жылдан тарта бардык мамлекеттик кызматкерлер милдеттүү түрдө мамлекеттик тилден сынак берип башташкан. Биздин кызматкерлер Кыргыз Республикасынын “КЫРГЫЗТЕСТ” Мамлекеттик мекемесинин системасы аркылуу мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо боюнча сертификаттарын алышты. Мамлекеттик тилди ЭҢ ЖОГОРКУ (С1) деңгээлде билгендигин 20 дан ашык кызматкерибиз ырастаган. Бул мамлекеттик тил жаатындагы биздин чоң ийгилик”, – деди Азамат Оросбаев.

Майрамдык датага карата кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктаган атайын суроолор жыйнагы даярдалып, катышуучулар лингвистикалык негиздерин гана эмес, кыргыз тилдин тарых-таржымалынан дагы жакшы кабардар экенин далилдешти.

Улутстаткомдун аймактык мамлекеттик статистика башкармалыктарынын жетекчилери жана өкүлдөрү дагы видеоконференцияга чыгармачылык менен даярданып, белгилүү кыргыз адабиятчылар менен акындардын ырларын жана кыскача баяндарын көркөпм окуп беришти. “Манас”, “Курманжан датка” эпосторунан үзүндүлөр окулуп, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан монологдор жаңырды.

Белгилей кетсек, Улутстаткомдо кыргыз тили Күнүнө карата иш чараларды уюштуруу салтка айланып, жыл сайын кызыктуу жана чыгармачылык маанайда өтүп турат.

Прикрепленные документы (1):

Пресс-релиз_кырг.язык.docx
14 KB
Стилистика и грамматика авторов сохранена.

Последние

26.06.2023
Летние лагеря по чтению и счету для более чем 20 000 учащихся начальной школы

26.06.2023
Международный день в поддержку жертв пыток: как Стамбульский протокол помогает защитить кыргызстанцев

21.06.2023
ФАО повышает готовность КР для борьбы с опасной болезнью домашнего скота

21.06.2023
«Мыкты бизнес айымдар» форум состоится в Оше

21.06.2023
24 июня состоится благотворительный гольф-турнир «Гольф во благо детей»!

17.06.2023
Сенсорная комната для реабилитации детей с детским церебральным параличом

16.06.2023
Передвижные приёмные милиции – кыргызская милиция с Вами и для Вас

16.06.2023
В Бишкеке обсудили решения и стратегии продвижения «зеленых» технологий для МСБ

15.06.2023
Пилотный проект по страхованию на основе погодных индексов

14.06.2023
Техническая поддержка питомникам плодовых и ягодных культур в Кыргызстане

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×