12:53 14 Января 2021
2020-жылдын жыйынтыгы менен өлкөнүн экономикасы 9 пайызга жакын төмөндөдү

Бүгүн, 2021-жылдын 14-январында, Улутстакомдо 2020-жылдагы республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат-жыйын болуп өттү.

2020-жылдын январь-декабрь айларында ички дүң продукт алдын ала баалоо боюнча 598 миллиард сомдон ашып, 2019-жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу 8,6 пайызга төмөндөдү.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2020-жылдын январь-декабрь айларында ИДПнын көлөмү 530 миллиард сомго жакындап, 9 пайызга азайды.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2020-жылдын январь-декабрында 319 миллиард сомдон ашты жана өткөн жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 6,6 пайызга төмөндөдү, буга күйүүчү майдын көлөмүнүн (59,3 пайыз) кыскарышы, текстиль өнөр-жайы, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жанан булгаарыдан жасалган буюмдар (21,5 пайыз), жыгач жана кагаздан жасалган буюмдар, полиграфиялык ишмердик (13,2 пайыз), резина жана пластмассадан жазалган буюмдар жана металл эмес минералдык азыктар (7,0 пайыз), азык-түлүк өндүрүү (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктары (6,6 пайыз), темир жана темирден жазалган буюмдар, буга машина менен жабдуулар кирбейт (4,4 пайыз), ошондой эле жер астынан казылган баалуу металлдардын (22,4 пайыз) кыскарышы таасирин тийгизди.

Курулуш тармагында төмөндөөлөр байкалат, анын көлөмү – 15,9 пайызга жакын кыскарды, дүң жана чекене соода тармагында көрсөткүчтөр 16,1 пайызга азайды, ал эми айыл чарбасында оң тенденциялар байкалды, анда өндүрүүнүн көлөмү 1,1 пайызга өстү.

2020-жылдын январь-декабрь айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө баалары жана тарифтердин жогорулашы жалпысынан 9,7 пайызды түздү. Мында тамак-аш продуктуларынын жана алкоголсуз суусундуктардына болгон баалар 17,6 пайызга өстү, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон баалар 6,7 пайызга, калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери – 3,0 пайызга өскөнү байкалды. Ал эми азык-түлүк эмес товарларга болгон баалар 2,4 пайызга жогорулады.

Үстүбүздөгү жылдын керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулаганы Талас облусунда байкалды (11,8 пайыз). Буга тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баалардын (23,5 пайыз) өскөнү таасирин берди.

Кыргыз Республикасынын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү, 2020-жылдын январь-декабрында 5,1 млрд АКШ долларын түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 19,2 пайызга төмөндөдү. Ошол эле учурда экспорттук жөнөтүүлөр 1,7 пайызга көбөйдү, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 27,3 пайызга кыскарды.

2020-жылдын январь-декабрында республиканын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү 2,1 млрд АКШ долларын түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 14,1 пайызга азайган.

Мында экспорттук жөнөтүүлөр – 13,5 пайызга, импорттук келип түшүүлөр - 14,2 пайызга төмөндөдү. Республиканын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (64,0 пайызы) жана Казакстанга (34,0 пайызы) туура келди.

Прикрепленные документы (1):

ПРЕСС-релиз 14.01.2021_кырг.doc
584 KB
Стилистика и грамматика авторов сохранена.

Последние

26.06.2023
Летние лагеря по чтению и счету для более чем 20 000 учащихся начальной школы

26.06.2023
Международный день в поддержку жертв пыток: как Стамбульский протокол помогает защитить кыргызстанцев

21.06.2023
ФАО повышает готовность КР для борьбы с опасной болезнью домашнего скота

21.06.2023
«Мыкты бизнес айымдар» форум состоится в Оше

21.06.2023
24 июня состоится благотворительный гольф-турнир «Гольф во благо детей»!

17.06.2023
Сенсорная комната для реабилитации детей с детским церебральным параличом

16.06.2023
Передвижные приёмные милиции – кыргызская милиция с Вами и для Вас

16.06.2023
В Бишкеке обсудили решения и стратегии продвижения «зеленых» технологий для МСБ

15.06.2023
Пилотный проект по страхованию на основе погодных индексов

14.06.2023
Техническая поддержка питомникам плодовых и ягодных культур в Кыргызстане

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×